Эртең, 9-июнда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, деп маалымдайт Кыргызгидромет. Чүй, Ош, Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым райондорунда катуу жаан жаашы мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда

түнкүсүн +9…+14
күндүз +22…+27

Талас облусунда

түнкүсүн +7…+12
күндүз +20…+25

Баткен облусунда

түнкүсүн +11…+16
күндүз +23…+28

Ош жана Жалал-Абад облустарында

түнкүсүн +11…+16
күндүз +23…+28

Ысык-Көл облусунда

түнкүсүн +6…+11
күндүз +15…+20

Нарын облусунда

түнкүсүн +6…+11
күндүз +15…+20

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13 градус, күндүз +23…+25 градус болот.