КоомКылмыш-кырсык

Бишкектен Кеминге чейин качып барган бейбаш айдоочу 2 айга камалды

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен Бишкек шаарында жаңжал чыгарып, милиция кызматкерлеринен качып кеткенден кийин кармалган айдоочу №1 убактылуу кармоочу жайга (СИЗО-1) киргизилди. Бул тууралуу ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Түзүмдүн маалыматы боюнча, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында шектүү 2 ай тергөө абагында камакта болот.

Ал Бишкектин Тоголок Молдо көчөсүндөгү күзөт тосмону (будка) «Тойота Лэнд Крузер» унаасы менен талкалап, күзөтчү менен мушташып, милиция кызматкерлеринен Кеминге чейин качып барган. Аны Чүй ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган кызматкерлери кармаган. Анын унаасын текшерген учурда бычак жана ок атуучу курал да табылганы белгилүү болду. Айдоочу 1990-жылы туулган К.Ч. аттуу жаран экени такталган. Ал окуя учурунда мас абалда болгон.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button