![](https://kadam-media.kg/wp-content/uploads/2020/06/103890693_266175991153895_4764393874159986793_n.gif)
Ирак июнь-июль айларында мунай казуу көлөмүн кыскартат
Ирактын жаңы мунай министри Ихсан Абд аль-Жаббар кесиптеши, тагыраак айтканда Сауд Арабиясынын Энергетика министри Абдель Азис бен Салман менен телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда Багдад мунай казуу көлөмүн июнь-июль айларында кыскартуу тууралуу макулдашууну кармана тургандыгын билдирген.
Министрлер эки өлкөнүн кызыкчылыгындагы кызматташтыкты чыңдоо тууралуу дагы пикир алмашкан. Абд аль-Жаббар сүйлөшүүнүн жүрүшүндө өз кесиптеши менен дүйнөлүк мунай рынокторундагы кырдаал жана аны турукташтыруу боюнча ОПЕК+ аракеттерин колдоо керектиги тууралуу сөз болгондугун, ал эми Ирак өлкө-мүчөлөрдүн бул багыттагы бардык күч-аракеттерин колдой тургандыгын белгилеп өткөн.
Белгилей кетсек ОПЕК+ макулдашуулары май айында старт алган жана анда мунай казуу көлөмүн алгачкы эки айда суткасына 9,7 миллион баррельге, андан кийин 7,7 млн баррельге жана 2022-жылдын апрель айынын аягына чейин 5,8 млн баррельге кыскартуу каралган.