Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров үйлөнө турган 207 жигитке калың төлөгөнгө 50 миң рублдан берүүнү тапшырды. Каражат анын атасы Ахмат Кадыровдун атындагы фонддон бөлүнөөрүн Чеченстандын Дин башкармалыгы 7-июнда «Инстаграмдагы» баракчасынан кабарлады.

Каражат үйлөнүүгө камынып, пандемиясыга байланыштуу акчадан кыйналып калган жигиттерге берилет.

Пандемияга байланыштуу аймакта той өткөрүү эрежелери да өзгөрдү. Муфтият 25-майга чейин тойлорду чоң шаан-шөкөт менен өткөрүүгө тыюу салган. Эми үйлөнүү үлпөткө түгөйлөрдүн жакын туугандары гана катыша алышат.

Эске сала кетсек, Рамзан Кадыров 21-майда ооруканага түшкөнүн, ал коронавирус жуктуруп алышы мүмкүн экенин бир катар орусиялык басылмалар жазып чыгышкан. Бирок ал өзү бул маалыматты четке кагып, жөн эле «диспансеризацияда болгонун» айткан.