Өзбекстан Республикасынын жарандарына турмушка чыгып, жашап жаткан 100дөн ашык кыргызстандык аялдар калып калган “Достук” өткөрмө бекетиндеги кырдаалды Кыргызстандын Акыйкатчысы көзөмөлдөп турат. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти. 22-майда Токон Мамытов Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине Өзбекстан Республикасынын кесиптештери менен мекендештерибиздин көйгөйлөрүн чечүүнүн жолдорун талкуулоо өтүнүчү менен кат жөнөткөн.

«Ош облусунун Кара-Суу районундагы «Достук” өткөрмө бекетинде карантин киргизилип, мамлекеттер аралык чек арадан өтүүгө чектөө киргизилгенде, Өзбекстан Республикасынын жарандары менен никеде турган 100дөн ашык Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргызстандын да, Өзбекстандын да аймагына кире албай ортодо калышкан. Мындан тышкары, алар Өзбекстандын жарандыгын ала элек болгондуктан, эки айда бир жолу Кыргызстанга келип, кайра Өзбекстандагы күйөөлөрүнө жана балдарына кайтып барышчу», — деп айтылат Акыйкатчынын кайрылуусунда.

Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, бул маселе боюнча Өзбекстандын элчилиги КР жарандарын 14 күн обсервацияга алуу шарты менен Өзбек Республикасынын аймагына киргизүү мүмкүн экендигин маалымдаган. Бирок, карантиндик обсервацияга алуу жайларында орун чектелүү болгондуктан, Өзбекстан Республикасы учурда кыргызстандыктарды этап-этабы менен өткөрө турган тизмени түзүп жатат.

“Буга байланыштуу Өзбекстан Республикасынын элчилиги берген Өзбекстан Республикасынын жарандарынын үй-бүлө мүчөсү болгон кыргызстандыктардын тизмеси тиркелген, тийиштүү маалымат министрлик тараптан Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматына жөнөтүлгөн”- деп айтылат Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жообунда.

Омбудсмен Токон Мамытов Акыйкатчынын Ош шаарындагы жана Ош облусундагы өкүлчүлүгүнө маселеге жеринде мониторинг жүргүзүүнү, тийиштүү иштерди жүргүзүүнү жана бул маселенин чечилишинин динамикасы жөнүндө толук маалымат берүүнү тапшырган. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Ош облусундагы өкүлү өз билдирмесинде, Кыргыз Республикасынын жарандарынын Өзбекстан аймагына өтүүсү Өзбекстан Республикасында карантиндик обсервацияга алуу жайынын бошошуна жараша, учурда эки күндө бир жолу жүргүзүлүп жаткандыгын айтты.