Жогорку Кеңештин “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Алмазбек Баатырбеков бүгүн депутаттык мандатын тапшырып жатканы белгилүү болду. Себебин сураганыбызда, төмөндөгүчө түшүндүрдү.

“Алдыда шайлоо. Мыйзамга ылайык, жакында БШК 2020-жылдагы парламенттик шайлоонун мөөнөтүн белгилейт. Демек, күзгү саясий жарышка камынууда убакыт кыска. Ошондон улам мен “Кыргызстан” партиясын шайлоого даярдоо иштерине убактымды көбүрөөк жумшаганды туура көрдүм. Депутаттык мандатымды, фракция лидерлигин ыктыярым менен тапшырып берем.

Фракция менин жетекчилигим алдында жаман иштеген жок, биз бир топ маанилүү маселелерди карап, чечимдерди чыгардык. Өкмөттөгү биздин квота менен барган тармактын башчылары мыкты көрсөткүчтөр менен иштеп жатышат. Мисалы, энергетика жаатында, оптимизация жүрүп, бир канча долбоорлор ишке ашырылып, чыгымдар кыскарып, эгемен тарыхыбызда энерго компаниялар киреше менен жылды жыйынтыкташты.

Биз, буюрса кийинки шайлоодо азыркыдан да күчтүү команда, антикризистик менеджерлер менен алдыга чыгып, убалардын өтөөсүнө чыгабыз. Ал үчүн парламенттин көпчүлүгүн ээлешибиз керек. Менин эрте кетүү себебим да ушул үчүн.
Башкысы, биздин фракциянын депутаттары мандаттан баш тартууну трагедия катары кабыл албайбыз. Ар бир кийинки талапкер иште өзүн көрсөтүшү керек. Мандат ала турган талапкер Бейшеналы Нурдинов теңиртоолуктарга кадыры, эмгеги менен таанымал, “мандатсыз депутат” деген эл берген аты бар, мыкты ишкер, меценат, спортчу агалардан. Ишине ийгилик каалайм”-дейт А. Баатырбеков.

Булак: informator.kg