Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын кезектеги жыйынга адаттан тыш жарашыктуу кийинип келип, элдин бардыгын таң калтырды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары  жазып чыгышты.

Маалыматта айтылгандай, Ким Чен Ын чогулушта көңүлү көтөрүңкү маанайда отурган жана анын ден соолугу да жакшы экени байкалган. Өзгөчө  жагдай, анын пиджакка окшош ак көйнөгү элдин көңүлүн бурган. Ал социалдык аралыктын эрежелерин сактаган. Бирок кесиптештери сыяктуу бет капсыз жүргөн.

Ал жыйында, өлкөнүн экономикалык өнүгүүсү жана айыл чарбасына химиялык жер семирткичтерди өндүрүү маселелери талкууланган.

Белгилүү болгондой, Түндүк Кореяда бүгүнкү күнгө чейин коронавирус инфекциясы расмий түрдө каттала элек.

Эске салсак, буга чейин бир топ басылмалар Ким Чен Ындын өлүмү тууралуу  жазып чыгышкан. Ага карабай, ал эл алдына үчүнчү жолу чыкты.