Француз окумуштуулары буга чейин баңги заттары менен жарылуучу заттарды издеп келишкен иттер аркылуу коронавирус инфекциясын симптомдорсуз алып жүрүшкөн бейтаптарды издөөгө пайдаланууга болорун айтып чыгышты.

Кызматтык иттер медицина кызматкерлерине бир нече жылдан менен бери алгачкы баскычтагы ичеги-карын рагын аныктоого жардам берип келишет. Ал эми жакынкы күндөрдөн тартып, Covid-19 вирусун жуктуруп алган адамдын колтугунан бөлүнүп чыккан тердин жыты дени сак адамдын колтугундагы жыттан айырмаланып тураары белгилүү болгон.

Белгилей кетсек, эксперимент үч шаарда өткөрүлүп, ага машыгуудан өтүшкөн 18 ит тартылган жана жытты так ажаратуулары үчүн аларга коронавирус жуктуруп алып, ооруканада дарыланып жатышкан бейтаптардын колтугунан алынган жытты искетишкен.