«Бишкек шаарында Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы ишенимди актай алдыбы?» Кыргыз Республикасынын Президенти — Жээнбекова Сооронбай Шариповичтин демилгеси менен жалпы коомго маанилүү болгон ички иштер органдарында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча реформа жүргүзүү башталган.

Сынактык долбоор катары, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен биргеликте Бишкек шаарында Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы (МККБ) мекемесин түзүү чаралары ишке ашырылган. Милициянын кайгуул кызматынын Бишкектеги иши заманбап санариптик ыкмаларды колдонуу менен уюштурулган. Бул долбоор республикалык жана мамлекеттик органдардын бюджеттеринин, ошондой эле башка каржылоо булактарынын эсебинен бардык бекитилген иш-чаралардын каржылоонун натыйжасында ийгиликтүү ишке киришти. Биздин республика үчүн, Президентибиздин саясий эркинин жана колдоосунун натыйжасында, борборубузда ишке ашырылган бул долбоор, Ички иштер органдарынын ишин өнүктүрүүгө жана жакшыртууга болгон жаңы тажрыйба жана жаңы кадам. Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигиндеги (КМШ) өлкөлөрдүн – Грузия, Молдова, Украина, Армения, Казахстан жана Россиядагы Ички иштер органдарын реформалоо классикалык советтик тутумду өзгөртүү менен жаңы институциялык толуктоолорду киргизүү мезгилдин талабы экендигин көрсөттү.

Жогоруда аталган КМШ өлкөлөрүнүн жүргүзгөн реформаларынын тажрыйбаларына караганда, биз жүргүзгөн реформа биринчи болуп саналат, бирок бул көптөн көздөнгөн жана чечкиндүү кадам болду деп эсептейм. Биздин коом, ИИОнун тутумун толугу менен жалпы республикабызды камтый турган реформалоону күтүүдө. КМШ өлкөлөрүнүн тажрыйбаларына таянып, Бишкек шаарында Милициянын кайгуул кызматына кадрларды атайын тандоо аркылуу жүргүзүлгөндүгү, коомчулуктун паракорчулукка жана кылмыштуулукка болгон мамилесин жокко чыгарууга натыйжалуу жыйынтыктарды берди. Азыркы учурда, Бишкек шаарынын Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы тарабынан алгылыктуу иштер жүргүзүлүүдө. 2020-жылдын 5 ай аралыгында аткарган жумушунун былтыркы жылга салыштырмаалуу жогорулады, себеби милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери тарабынан укук бузууларды аныктоо жана ага аракеттенүүсү өсүп жогорулады. Дагы бир себеп, Милициянын кайгуул кызматынын чакырылуурга келүүсү 7-10 минутаны түзөт.

Мындай жумуштун натыйжалуулугу, Кыргыз Республикасынын ИИМ тарабынан бир нече укуктук-ченемдик актылар иштелип чыгып жана бекитилип, алардын негизинде Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери кайра даярдоодон өтүшү себеп болду. Ошондой эле, алар жаңы заманбап материалдык-техникалык каражаттар менен камсыздандырылган: үн чыгаруучу, жарык белги берүүчү кыматтык автоунаалары, радиостанциялары, видео көзөмөл жүргүзүүчү, программалык камсыз болгон борттук компьютерлер менен жабдыкталган. Мындан тышкары, Милициянын кайгуул кызматына калктын ишенимин жана ишмердүүлүгүнүн көрсөткүчтөрүн жогорулатуу максатында, кызмат өтөө процессине паракорчулукка каршы механизмдери киргизилген, ошондой эле кызматкерлерди сыйлоо ыкмалары да колдонулат.

МККБга кызматкерлерди кабыл алуу жарандык коомдун жана ИИМдин кызматкерлеринен түзүлгөн атайын комиссиясынын көзөмөлү астында ачык жана айкындуу жүргүзүлөт. Ачык конкурстан ийгиликтүү өткөн талапкерлер, ИИМдин Академиясынын базасында 3 айлык окуу курсуна окутууга жөнөтүлөт. Ал окууну аяктаган соң, МККБна кызмат өтөөгө дайындалышат. Бул долбоордун ийгилиги болуп, ИИМдин тутумунда мурун иштебеген жарандардын арасынан кабыл алуусу болуп саналат. Милициянын кайгуул кызматына кабыл алынган жаңы кызматкерлердин ой жүгүртүүсү, жаңы көз караштары жана өзүн бул чөйрөдө көрсөтүү максатында укук тартипти камсыздоого салымын кошуу тилеги менен кызмат өтөшүүдө. Дагы бир белгилей кетчү жагдай, бул кызматкерлердин жогорку айлык маянасы. Мен ойлойм, өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал режими учурунда Милициянын кайгуул кызматынын ишмердүүлүгүн сезип баалого чон мүмкүнчүлү түзүлдү. Алсак, коронавирус пандемиясын жайылышын алдын алуу максатында чектөөлөр коюлгандан баштап, блок-посттордо жалпы 6545 кызматкер күн сайын 15-16 сааттан кызмат өтөштү.

Милициянын кайгуул кызматын Бишкек шаары сынактан өткөрдү, эми болсо жакынкы арада Ош шаарында да Милициянын кайгуул кызматы ишке киргизилет. Азыркы учурда, Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББ тарабынан Ош шаардык ИИБ боюнча Милициянын кайгуул кызматынын бөлүмүнө бош орундарга дайындоого сынак жарыяланды. Буга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук кеңеши бардык жарандарды, белгиленген талаптарга жооп берген, милициянын кайгуул кызматына кызмат өтөөгө ниети бар болгондорду ачык конкурска катышууга чакырат. Коомчулук, бул долбоордун Бишкек жана Ош шаарларында ийгиликтүү ишке ашырылгандан кийин рейпубликанын бардык аймактарында иштеп башталышына үмүт кылат. Анткени, калктын негизги бөлүгү бул жаңыча түзүлгөн кызматты колдоп, чон үмүт менен жалпы ички иштер органдарын реформалоону күтүүдө.

Ялкун Даутов — Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук кеңешинин төрагасы