Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айыл өкмөтүндө 2 гектар жерге көп балалуу жесир аялдарга үйлөр курула баштады. Капсула салуу аземине өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнү Узарбек Жылкыбаев, Алай районунун акими Замир Молдокулов катышты. Бул үйлөр 3 балалуу жесир энелерге жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилет. Үйлөр чет өлкөлүк демөөрчүлөр тарабынан курулууда. Жалпы 76 жаранга үй курулат.

Социалдык шаарча үчүн Куршаб айыл өкмөтүнөн 2 гектар 90 сотых жер бөлүнгөн. Ал жерге жалпы 100 үй-бүлө жайгаштырылат. Үйлөр жесир аялдар, жетим балдар үчүн курулуп жатат. Учурда 9 үйдүн пайдубалы тургузулууда. Бир корпуста 4 үй-бүлө жашайт. Жалпы 25 корпус курулат. Таза суу, электр жарыгы тартылат.

Жетим-жесирлер үчүн бардык шарттар түзүлөт. Аялдар үчүн тигүү цехи, балдар үчүн спорттук аянтчалар да курулат. Бул социалдык шаарча чет өлкөлүк демөөрчүлөр тарабынан курулууда. Курулуш иштери сентябрь айында бүтөрү пландалган.