Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун  астында президенттин аппаратынын жарандык өнүгүү, диний жана этникалык саясат бөлүмүнүн мурунку башчысы Мира Карыбаеваны колдогон митинг өтүүдө.

20га жакын  киши, Тарых музейин оңдоо боюнча кылмыш ишинде Карыбаеванын акталып чыгуусун суранып жатат.

Белгилей кетсек, сот кылмыш ишин иликтөөнү аяктады. Мамлекеттик айыптоочу Мира Карыбаевага 260 миң сом өлчөмүндө айып пул салууну суранууда. Алар аны кызматтынан кыянаттык менен пайдаланды деп айыптоодо.

Ал эми, мурунку премьер-министр Сапар Исаковдун мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга эркинен ажыратууну суранууда. Прокурорлор Исаковду коррупцияга күнөөлүү деп эсептеп, 247 миллион сомдон ашык айып пул салууну өтүнөт.

Эске салсак, 2018-жылдын июлунда Башкы прокуратура Мамлекеттик тарых музейинин имаратын реконструкциялоо жана жабдууларды сатып алууга бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу боюнча кылмыш ишин козгогон. Мамлекетке келтирилген зыян 307 миллион 650 миң сомду түзгөн.