ДССУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Назира Артыкова, брифингде 2020-жылдын 7- июнунда жаңыланган маалымат менен бөлүштү. Анын айтымында, беткап тагынууну — ооруну алдын алуу чараларынын бири катары кароо керек.

Коронавирус инфекциясынын кеңири таралуу шарттарында, бардык медкызматкерлер жумуш учурунда беткап тагынуусу зарыл. Коронавирус илдети менен бейтаптар жаткырылбаган ооруканаларда, мисалы төрөт үйүндөгү же кардиологияда иштеген дарыгерлер дагы беткап тагынуусу керек.

Вирус кеңири жайылган аймактарда, социалдык аралыкты сактоо мүмкүнчүлүгү жок учурда, 60 жаштан жогору жана өнөкөт оорулары бар адамдар беткап тагынып жүрүүсү керек.
3. Калкты коомдук жайларда беткап тагынууга чакыруу: жабык имараттарда, коомдук транспортто, дүкөндөрдө жана эл көп чогулган жерде.

Калк арасында синтетикалык же пахта кездемесинен жасалган беткапты тагынууга болот.

Бир гана беткап менен коронавирустан коргонуу мүмкүн эмес. Андыктан, социалдык аралык жана башка бекитилген санитардык талаптарды аткаруу кажет.

Ошондой эле, айрым сунуштар өзгөрүүсүз калды. Алар төмөнкүлөр:
COVID-19 вирусунун симптомдору бар адам өзүн-өзү изоляция кылуусу керек. Коронавирус илдети тастыкталган учурда бейтаптар изоляцияга алынып, медициналык мекемеде дарылануусу зарыл. Ал эми, алар менен байланышта болгон жарандар үй карантинине алынышы шарт. Оорулуу адам менен бир бөлмөдө болгон жана аны карап жаткан жарандар, үйдөн жана сыртка чыккан учурда дагы беткап тагынуусу зарыл. Бардык медкызматкерлер бейтаптар менен байланышта болгондо жана дарылоодо бепткап менен өздүк коргонуу каражаттарын колдонуусу керек.