Коом

Бишкекке Түркиядан 328 кыргызстандык кайтып келди

“Манас” эл аралык аэропортунда бүгүн, 2020-жылдын 9-июнунда, “Turkish Airlines” авиакомпаниясынын Стамбул–Бишкек каттамы боюнча чартердик рейсин тосуп алышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Кыргызстанга Түркиядан 328 КР жараны кайтып келди.

Каттам дүйнөдөгү COVID-19 коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун жетишилген макулдашууларын ишке ашыруунун алкагында жүзөгө ашырылды.
Бардык учуп келген жарандар бекитилген татипте медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга алынат.

Чет мамлекеттерде жүргөн КР жарандарын Мекенине кайтарууну уюштуруу иштери улантылат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button