Бишкек шаарында жайгашкан «Орто-Сай» базары дезинфекциялоо үчүн жабылат. Бул тууралуу бүгүн, 9-июнда Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында вице-мэр Татьяна Кузнецова билдирди.

Анын айтымында, коронавирустун симптому менен кайрылган бир нече адам бар. Алар буга чейин аталган базарга барганын айтышкан.

Буга чейин Республикалык ыкчам штаб оорунун белгилери жок, илдетти кайдан жуктурганы белгисиз жарандар күн сайын көбөйүп жатканын, алардын арасында шаардагы базарлардын кызматкерлери бар экенин билдирген.

Мэриянын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев кошумчалагандай, санитардык нормаларды башка базарларда сакталбаса жабылат.

“Эгер башка базарлар, соода түйүндөр да санитардык нормаларды аткарбай, шаардыктардын ден соолугун коркунучка салса, аесуз жазаланат»,-деди Түлбөаев.