Бүгүн, 9-июнда “Чоң казат” кыймылынын лидерлери Канат Хасанов, Максат Мамытканов, Сыймык Жапыкеев жана Касымбеков Ак үйгө барып, президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугуу ниетин билдирип администрацияга расмий кат менен кайрылышты.

Кыймылдын лидерлеринин айтымында, укук коргоо органдары аларга жана жакындарына карата негизсиз текшерүүлөрдү жүргүзүп жатат.

“Биз коррупциянын бетин ачып берип жатсак, күч органдары бизге кысым көргөзүп жатат. Биз тууралуу сизге туура эмес маалыматтарды жеткирип жатат, расмий жолугуп сүйлөшүүнү каалайбыз”, – деп айтылат алардын кайрылуусунда.

Маалым болгондой, «Чоң казаттын» өкүлдөрү Сыймык Жапыкеевдин айтып чыккан маалыматтарынын негизинде депутат Кубанычбек Жумалиевдин жана анын жубайы Роза Аманованын мал-мүлкүн текшерүүнү сунуштаган. Жыйынтыгында айтылган маалыматтар жалган болуп чыкты. 4-июнда өткөн Ленин райондук сот отурумунун жыйынтыгы тууралуу Кубанычбек Жумалиевдин жактоочусу Бактыбек Жумашев айтып берген.

Ага ылайык, Сыймык Жапыкеев депутат Кубанычбек Жумалиевдин мал-мүлкүн текшерүүнү соттон суранган. Бирок депутат менен анын туугандары сотко тиешеси жоктугун баса белгилөө менен кадыр-баркына доо кеткендиги үчүн доо арыз жазган. Ал эми Сыймык Жапыкеевдин жактоочусу соттун жообу чыга электе эле арызын кайтарып алган.

Ошондой эле Жумашев Сыймык Жапыкеевдин өкүлдөрү Жумалиевдин 2,5 миллиард доллары жок экенин мойнуна алышканын белгилеген.