Укук коргоо органдары Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин үйүн тинтүүгө алышты. Бул тууралуу депутаттын жактоочусу Бактыбек Жумашев  билдирди.

“Кубанычбек Жумалиевдин үйүндө тинтүү жүргүзүлдү. Укук коргоо органдарынын бул аракети,   мыйзам бузуу менен жүргүзүлдү деген ойдобуз. Бирок, тинтүү учурунда компроматтык  буюмдар же маалыматтар табылган жок деп белгилей кетким келет ”, — деди Бактыбек Жумашев.

Ошондой эле жактоочу, бул иш-аракеттерге каршы экенин айтып. «Жогорку Кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө» мыйзамда  депутатка өзгөчө оор кылмыш жасалган учурдан тышкары, текшерүү жүргүзүүгө же тинтүү жүргүзүүгө болбой турганын айтты. Ушул эле мыйзамда «турак жай, кызматтык жай, багаж, жеке жана кызматтык унаа, кат алышуу, байланыш, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутатына таандык документтер тинтүүгө жана издөөгө жатпайт» деп билдирди.





Эске салсак, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы турак жай фондунун орун басары Кубанычбек Жумалиевдин мүлкүнө аудит жүргүзүп,  Башкы прокуратура тарабынан “Мыйзамсыз баюу” беренеси  боюнча иш козголгон