![](https://kadam-media.kg/wp-content/uploads/2020/06/unnamed-4-1.jpg)
Коом
Сот Сапар Исаковду 18 жылга эркинен ажыратты
Бишкектин Биринчи май райондук соту 9-июнда Улуттук тарых музейин оңдоо жана Чолпон-Атадагы ипподромду реконструкциялоого байланышкан кылмыш иштери боюнча айыпталып жаткан экс-премьер-министр Сапар Исаковду 18 жылга эркинен ажыратты. Өкүмдү ишти караган судья Марат Сыдыков окуду.
Ага ылайык, Сапар Исаков Кылмыш кодексинин 319-беренеси («Коррупция») менен күнөөлүү деп табылды.
Исаков бул иштерден мамлекетке келтирилген 247 миллион 650 миң 281 сомду да төлөп бериши керек.