Бүгүн, 9-июнда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Зарылбек Рысалиев «кылмыштуу чөйрөнүн мүчөлөрү декларация тапшырышабы» деген суроо салды.

«Кыргыз өлкөсүндө кылмыштуу чөйрөлөр бар. Кылмышкерлердин арасында өтө бай деген адамдардын катарын толтургандар бар. Алар декларация тапшырышабы?» — деп сурады депутат.

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев мыйзам долбоору мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлерге багытталганын айтты.

Депутат: «Буларды кандай кылып текшерсеңер болот? Кылмыштуу чөйрөнүн лидерлеринин Чолпон-Ата шаарындагы үйлөрүнүн башы ушул жерден көрүнөт. Алар күндөн-күнгө байып жатышат», — деди.

Асрандиев: «Алар декларация толтурбайт. Ички иштер министрлиги же башка укук коргоо органдары алар мыйзамсыз каражаттарды таап жатса, иш алып барышат», — дейт.