Белгилүү актёр, КРдин эмгек сиңирген артисти Марат Жанталиев көз жумду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги анын кесиптештери берген маалыматка таянуу менен жазып чыкты.


Маалым болгондой, актёр буга чейин ооруп жүргөн. 59 жаштагы талант ооруканадан үзүлгөн.

«Бопуш» деген ат менен таанымал болгон актёр, куудул Марат Жанталиев Нарын облусуна караштуу Кара-Кужур айылында туулган. Ал Москва шаарындагы кинематографиялык институтту бүтүрүп, бир катар тасмаларда роль жараткан. Көп жылдардан бери Бакен Кыдыкеева атындагы Жаштар театрында эмгектенип келген.

Жанталиев Эрнест Абдыжапаровдун «Саякбай» тасмасында Саякбай манасчынын образын  жараткан.