Көпчүлүк партиялардай эле «Кыргызстан» партиясы да ич ара ит мышык болуп жатат. Партиянын негиздөөчүлөрүнүн бири жана башкы демөөрчүсү Шаршенбек Абдыкеримов (айтылуу Шаки) депутат болуп парламентке келгени ага ичи тарып, таасири жоголгон Канат Исаевдин териси жукарып, ички интригалардын сап башына чыкты. Шаршенбек Абдыкеримов азыр партиялаштарынын арасына эки талап коюп жатат. «Эгер биз шайлоодо уталы десек жана менин каржылоомо муктаж болсонор азыркы спикер Дастан Жумабековду жана Канат Исаевди кетиребиз. Ансыз болбойт» деген маселе көтөрүп жатат. Ал эми Канат Исаев Шакини жогото албай убара…