Алты чакырымдык тыгынга ким себепкер?

КР Экономика министрлигинин  басма сөз кызматынын билдиргенине караганда,  2020-жылдын 14-майынан бери “Актилек-автодорожный” көзөмөлдөө-өткөрүү пунктунда Кыргызстан тарабынан жүк ташуучу автомашиналардын топтолуп турганы азайбай жатат. Буга себепкер Казакстандын Мамлекеттик кирешелер комитетинин жана Финансы министрлигинин текшерүүнү күчөтүп жаткан иш-чараларынан улам болууда.  Мисалы, 8-июнда 6 чакырымдай автомашиналардын тыгыны пайда болуп, 300 автотранспорт кезек күтүп турушкан.

 2019-жылдын март-май айларында кыргыз-казак чек араларында жайгашкан көзөмөлдөө-өткөрүү пункттары аркылуу 85 838 жүк ташуучу автомашиналар өткөрүлгөн. 2020-жылдын ушул убактарында бул көрсөткүч 2,5 эсе азайып, 32 353 жүк ташуучу автомашинаны түзгөн.

Казакстан ЕАЭБ өлкөлөрү кабыл алган келишимдерди сактаган жок

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги  кыргыз-казак чек арасындагы жүк ташуучу машиналардын Казакстандын территориясына  кирип –чыгуусундагы  проблемалар чечилбей жаткандыгын белгилейт.  

2020-жылдын 14-апрелинде кабыл алынган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин мүчөлөрү, ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн башчылары COVID-19 пандемиясына байланыштуу товарлардын анын ичинде социалдык жактан зарыл болгон товарлар менен азык-түлүктөрдүн ташылуусунун эркин болуусун сактоо боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алышкан. Бирок, Казакстан тараптан жасалып жаткан иш-чаралар мамлекет башчыларынан билдирүүсүнө шайкеш келбей жатат.

 2019-жылы “Ак-Тилек” жана “Чоң-Капка” өткөрүү пункттарында март-май айларында 32 758 жүк ташуучу машиналар өткөрүлсө, 2020-жылдын ошол эле убагында 2,2 эсе аз, болгону 14 509 жүк ташуучу машиналар өткөрүлгөн.  

Кыргыз Республикасы тарабынан  COVID-19 пандемиясынын ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикасына болгон кесепеттерин жумшартуу жана жүк ташуучу транспорттун тоскоолдуксуз кирип-чыгуусун камсыздоо максатында эффективдүү чараларды кабыл алып, ЕАЭБ өлкөлөрү менен болгон өз ара соода-сатыкты чектеген жок.

 2020-жылдын 3-июнунда “Актилек-автодорожный” жана “Карасуу” көзөмөлдөө-өткөрүү пункттарындагы көчмө жыйынга кыргыз жана казак делегациясы катышып, Кыргызстан тараптан өткөн жүк ташуучу автомашиналардын өтүүсү казак тараптыкына караганда тезирээк болуп жаткандыгын казак тарап белгилеген.  Мисалы, Кыргызстанга 3 саатта 61 автомашина кирсе, Казакстанга болгону 21 автомашина кирген. Тоскоолдук казак тараптан болуп жаткандыгын Казакстандын расмий бийлигинин өкүлдөрү мойнуна алышты жана бул жагдайды жогорку бийлигине жеткирише тургандыгын да айтышты. Ошол эле учурда айдоочулар чек арадан өтүш үчүн алар 3-4 сутка күтүп жатышат.

 Акырында белгилей кетчү  жагдай, 7 өткөрүү пунктунун 5 жабууну казак тарап бир тараптуу кабыл алган.

Казакстан Кыргызстандын экспортунун жолун тосуп жатат

 КР Экономика министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы кезде көмүскө соодага каршы күрөшкө жамынган Казакстан кыргыз экспортунун жолун тосуп жатат.

 Айрыкча айыл чарба продукцияларынын сыртка чыгышына тоскоолдук жаратышууда. Ал эми көмүскө соода боюнча айтсак, 2020-жылдын 24-январынан бери кыргыз-кытай чек арасы жабык турат.

 Кытай тарап менен соода-сатык жүргүзүүнүн статистикасына таянсак, 2015-жылы Кытай менен Казакстандын ортосундагы экспорт менен импорттун айырмасы 3,3 млрд. АКШ доллары болсо, 2018-жылы эки эсеге көбөйүп, 6 млрд. АКШ долларын түзгөн. Казакстандын Кытайга болгон импортунун көлөмү 5,4 млрд. АКШ долларын түзгөн.

 Кыргызстан импорттун көлөмүн 2015-жылы 1 млрд. АКШ долларынан 2018-жылы 1,9 млрд. АКШ долларына, башкача айтканда эки эсе көбөйткөн. Ошол эле учурда Кытай менен Кыргызстандын соода-сатыгындагы айырмачылык 2018-жылы 3,6 млрд. АКШ долларын түзүп, ажырым (2015-жылы бул сумма 3,2 млрд. АКШ долларын түзгөн) анча деле чоң болгон эмес.

 Бул маселе көптөн бери чечилбей келе жатат. Кытайдан кирген импорттук товарлардын эсебин алууну системага келтирүү үчүн, ЕАЭБ өлкөлөрү менен Кытайдын ортосундагы маалымат алмашууну жолго коюу үчүн биргелешкен ишти күчөтүү зарыл. Мындай ишти Евразия экономикалык комиссиясы жүргүзүшү керек.

Казакстандын маалыматы шек жаратат

 Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы соода-сатык жүргүзүүдө 10 эсе айырмачылык чындыкка туура келбей тургандыгын Экономика министрлиги билдирди.

 Кыргыз Республикасынын жана Евразиялык экономикалык комиссиясынын статмаалыматтары боюнча, 2019-жылы Кыргызстандын Казакстанга болгон экспорту 337,5 млн. АКШ долларын түзгөн. А Казакстандын Статистика комитетинин маалыматы боюнча 2019-жылы Казакстандын Кыргызстанга болгон импортунун көлөмү 251,9 млн. АКШ долларын түзгөн. Ортодогу айырма 85,6 млн. АКШ доллары Кыргызстандын пайдасына болгон.

Казакстан Евразия интеграциясына тоскоолдук жаратууда

 Казакстан тараптын Кыргызстандан мыйзамсыз товарлар кирип жаткандыгы тууралуу билдирүүсү шек жаратаарын жана буга далилдер керек экендигин КР Экономика министрлиги билдирди.

 Ушул жылдын 12-февралында эки  өлкөнүн Салык кызматынын өкүлдөрү жолугушканда Кыргызстан тараптан кирген жүктөрдүн 90 пайызынын документтери туура эместигин казак тарап айткан. Кыргыз тараптын өкүлдөрү бул факты боюнча далилдерди келтирүүнү талап кылышканда, казак тараптан бир дагы далил ушу кезге чейин берилген эмес.

 Кыргызстан да Казакстан тараптан соода эрежелерин бузулган учурларды белгилеп, казакстандык фиктивдүү ишкерлерин тизмеге алып келет. Бүгүнкү күндө 2000 миң жалган-ишкерлер издөөдө жүрүшкөндүгү белгилүү.

 Буга карабастан Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнөн товарлардын импорттолуп кирүүсүндө салыктардын толук төлөнүшүн камсыздап келе жатат. Көзөмөлдөө-өткөрүү пункттарында ЕАЭБдин келишимдеринде каралган товарлардын эркин жүгүртүлүүсүн толук сактап, Евразия интеграциясына салым кошууда.

 Мындан тышкары казак-кыргыз чек арасынан Кыргызстанга кирген айдоочулар Казакстандын көзөмөлдөөчү органдары тарабынан “жок тартип бузуулар” үчүн протокол толтурушуп, айып төлөтүп жатышкандыгын да айтып жатышат.

Факты жок, айыптоо бар

 Казакстан 2017-жылдан бери бир дагы жолу экспорттук көзөмөлдүн бузулуп жаткандыгы боюнча расмий билдирүү жибербей туруп, бирок химикаттарды, жарылуучу заттарды, рентген аппараттарды, жаратылыш уранын, согуштук патрондорду уруксатсыз алып өтүү боюнча экспорттук көзөмөл бузулуп жаткандыгын билдирген. Бул тууралуу КР Экономика министрлигинин өкүлдөрү маалымдашты.

 Эгерде жогорудагыдай жагдай орун алган болсо, казак тарап бул тууралуу кыргыз тарапка өз убагында билдирүүсү зарыл эле. Себеби, 2004-жылы БУУнун Коопсуздук кеңешинин 1540 резолюциясынын 9-пунктуна ылайык, бардык мамлекеттер ядролук, химиялык жана биологиялык куралдардын таралышына, аларды ташууга каршы турушу керек.

Кыргызстан ЕАЭБдеги жасалма-бажы көзөмөлүнө каршы

 КР Экономика министрлигинин басма сөз кызматынын билдиргенине караганда, Кыргызстан кызыкдар тараптардын катышуусу менен бажы тармагында “жол картасын” иштеп чыгуу боюнча жогорку деңгээлдеги жумушчу тобунун түзүлүшүнүн максатка туура келбей тургандыгын билдирет. Себеби, казак тараптын мындай демилгеси иш жүзүндө жасалма бажы көзөмөлүнө гана алып келет.

 Кыргызстан анын ордуна ЕАЭБ өлкөлөрүнө 2025-жылга чейинки стратегиялык багыттар боюнча өнүктүрүү иштерин ишке ашырууну ылдамдатууну сунуштайт.

 Тактап айтканда товарларды көзөмөлдөө системасын киргизүү, бажы документтерин толтуруучу жерлерде координацияланган бажы көзөмөлүн киргизүү, товарларды коштогон электрондук документтерди өз ара таануу жана маалыматтарды алмашуу механизмин киргизүүнү тездетүү зарыл.

 Эгер мындай иштер жүзөгө ашса, жогорудагы иш-чаралар кошумча тоскоолдугу жок эле эсепке кирбей жаткан товар айланууларды көмүскөдөн ачыкка чыгарат эле. Ошондой эле товарларды маркировкалоо жана көзөмөлдөөгө алуунун механизмдери жөнүндөгү макулдашууларды тезирээк ишке ашыруу да учурдун талабы экендиги айтылды.

Импорттук товарлардын мыйзамсыз кирүүсү ЕАЭБге зыян

Казакстанда тобокелчилик индикаторлорунун наркынан  ТИНден (СИР – стоимостных индикаторов риска) төмөн турган импорттук товарлардын көлөмү Кыргызстандыкына караганда 41 эсе көптүгү ачыкка чыкты.

 КР Экономика министрлигинин кабарлаганына караганда, бажы көзөмөлүн жана кыргыз-казак өткөрүү пункттарын мониторинг жасоонун жыйынтыгында, бажы төлөмүн толтурууда 98 ТИН унификацияланган.

Келишимдерди сактоо боюнча бир жылдан кийин жасалган мониторинг, кабыл алынган ТИНден төмөн толтурулган импорттук товарлардын көлөмү Кыргызстанда 850 тонна болсо, ошол эле учурда Казакстанда бул көрсөткүч 35 миң тоннаны, так айтканда 41 эсе көп экендигин көрсөткөн.

 Казакстандын Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болушуна байланыштуу, сырткы экономикалык ишмердиктин товардык номенклатурасынын 81 коду боюнча ТИНи унификацияланган. Натыйжада алар ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бардыгы үчүн абдан сезилээрлик болгон. Анткени, Евразия экономикалык комиссиясынын мындай ТИНдерди  кармануу мониторингинде, 2018-2019-жылдарда Казакстандын буларды сактабагандыгы  43%  жана 38% түзгөн. А Кыргызстандын мындай  көрсөткүчү 2%  жана 3%ды гана түзгөн. 

 ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн Бажы кызматтарынын биргелешкен коллегиясынын (БКБК) ишинин алкагында 650 ТИН унификацияланган. 2019-жылы  (БКБК) ТИН орноткондон төмөн шартта толтурулган  импорттук товарлардын  көлөмү Кыргызстанда болгону 55 миң тонна болсо, Казакстанда ушул эле учурда бул көрсөткүч 1,3 млн. тоннаны же болбосо 24 эсе көп болгон.

ТИНдерди эмне үчүн сактабай жаткандыгы боюнча казак тарап ушу кезге чейин жооп бере элек, бирок анын натыйжалары ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин бюджетине төлөмдөрдүн түшүүсүнө таасир берип жатат,  ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү ишкерлик субьектилеринин арасында мыйзамсыз атаандаштыкты жаратып жатат.

2019-жылы КР Президенти С. Жээнбеков Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында ЕАЭБ территориясында импорттук товарлардын мыйзамсыз айлануусуна каршы  күрөшүү үчүн,  ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн катышуусу менен “үч тараптуу бажы көзөмөлүн” киргизүүнү сунуш кылган.

Евразиялык экономикалык комиссиянын координациясы алдында бул багытта иштер башталган. Тараптар ушундай координацияланган бажы көзөмөлүн өткөрүүнүн ордун, тартибин жана формасын талкуулап жатышат.