Баткен шаарында 10-июнь күнү 02:38де такталган маалымат боюнча Нургазыев жана Садыков көчөлөрүнүн кесилишинде “ВАЗ-2107” Жигули үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулду башкара албай, жол четиндеги бетон тосмону сүзгөн. Бул тууралуу ӨКМ билдирет.

Кырсыктын кесепетинен 1982-жылы туулган эркек киши каза болуп, 1983-жылы туулган аттуу аял жабыркаган.

Жерине №3 өзүнчө издөө куткаруу отрядынын куткаруучулары тартылып, маркумдун кыпчылып калган денесин унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен, ал эми жабыркаган аялды тез жардам кызматы ооруканага алып кеткен.