“Бопуш” деп элге таанылган белгилүү актёр, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Марат Жанталиев менен коштошуу зыйнаты эртең, 11-июнда саат 09:00дө болот. Бул тууралуу ырчы, тамада Нурбек Айдаров социалдык тармактагы баракчасына жазды.
“Марат Жанталиев менен коштошуу зыйнаты 11-июнда саат 09:00дө Учкун конушунун Айбек-Ата көчөсү №80 дарегинде болот. Анын сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө жерге берилет”, – деп жазган.
“Бопуш” деп элге таанылган белгилүү актёр, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Марат Жанталиев кечээ, 9-июнда оорудан улам 59 жашында дүйнө салды.