Фото-Баткенде классташтар жардамга муктаж досуна үй куруп беришти

Баткен районунун Кыштут айылындагы мектепти 20 жыл мурда аяктагандар жардамга муктаж үй-бүлөгө жаңы үй куруп беришти. Бул тууралуу Баткен облусунун казысынын орун басары Нурдин ажы Мамасабиров билдирди.

Нурдин ажынын айтымында, 20 жылдыктар ден соолугунун айынан үй курууга муктаж болуп келе жаткан классташы Келдибек Матисаевге үй куруп берүүнү чечишкен. Үй-бүлө буга чейин эски үйдө баш калкалап келген. 4 бөлмөлүү жаңы үйдү курууга чет жакта иштеген мекендештер жардам берип, жалпы 500 миң сомго жакын каражат тапшырылды.

«Үйдүн курулушу 2019-жылдын 23-июнунда башталган. Имараттын узундугу 12 метр, туурасы 8 метрди түзөт. Үйдүн курулушуна салым кошкондорго ыраазычылык айтабыз», — дейт Нурдин ажы Мамасабиров.