Грузиянын мурдагы президенти жана Улуттук реформалар кеңешинин аткаруучу комитетинин башчысы Михаил Саакашвили «Украина 24» телеканалына берген маегинде: «Өлкө кыйроо коркунучунда турат»-деп билдирди.

«Мындай дегенимдин себеби, эгерде биз мамлекеттик структурада өзгөрүүлөргө кадам таштап, чечкиндүү аракеттерди кабыл албасак, мамлекет болуудан калабыз. Келгиле, өзүбүздү өзүбүз алдаганды токтотолу да, болуп жаткан иш-аракеттерге реалдуу баа бергенди үйрөнөлү. Бүгүн өлкөнүн саясий айдыңында болуп жаткан көрүнүштөрдүн арты жакшылык менен бүтпөйт. Демек, тез аранын ичинде кандайдыр бир аракеттерди көрүү зарыл»-деген Саакашвили.

Буга чейин Эл аралык иштер боюнча Совфед комитетинин төрагасынын орун басары Владимир Жабаров «Парламенттик газитке» берген маегинде жакынкы мезгилдерде Украинанын курамынан Одесса, Херсон, Николаев жана Запорожье шаарларынын чыгып кетүүсү мүмкүн экендигин айтып чыккан.

Белгилей кетсек, Украине 2014-жылдан бери өздөрүн мамлекет катары жарыялап алышкан ЛНР жана ДНРге каршы аскердик операцияларды өткөрүп келет. БУУнун акыркы маалыматтары боюнча бул кагылышуулардан болжол менен 13 миң адам курман болгон.