Россия Федерациясы менен биргеликте же башкача айтканда Стратегиялык туруктуулук боюнча үч тараптуу сүйлөшүүлөргө барбай тургандыгы тууралуу Кытайдын билдирүүсүнө жооп кылып, АКШ Кытайды бул тууралуу дагы бир жолу жакшылап ойлонуп көрүүгө чакырды.

КЭР ИИМ расмий өкүлү Хуа Чунь Ин брифингде: — «Бул маселе тууралуу биз буга чейин бир нече жолу өз оюбузду айтканбыз. Дагы да айтабыз, бизди, башкача айтканда Кытайды Өзөктүк куралдарды жоюу тууралуу АКШ менен Россия ортосунда боло турчу үч тараптуу сүйлөшүүлөр кызыктырбайт.

Биз Америкага ишенүүдөн калдык»-деди журналисттердин берген суроосуна. Белгилей кетчүн нерсе, Өзөктүк курам боюнча россиялык-америкалык сүйлөшүүлөр 22-июнь күнү Вена шаарында өтөрү пландалган.