![](https://kadam-media.kg/wp-content/uploads/2020/06/received_261372501802749.jpeg)
Коом
COVID-19 инфекциясынан 2 бейтап каза болду
Өткөн сутка ичинде 2 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Жалал-Абад облустук ооруканасынан 1 бейтап (72 жаштагы аял киши). Панфилов Жалпы дарыгерлер практикалык борборунан 1 бейтап (70 жаштагы эркек киши).
Жалпы каза болгондордун саны 26 кишини түздү.