«Бир сутка ичинде коронавирус менен жаңы 38 учур катталды. Жети учур чет өлкөдөн келген жарандардан жана 24 учур медициналык көзөмөлдө турган жарандардан аныкталган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Усенбаев билдирди.

Калган 7 учурдун жугузуп алган шарттары белгисиз.

2020-жылдын 10-июнуна карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруу жалпысынан 2 093 учурга жетти.
-Стационарда – 495, алардын ичинен реанимацияда – 2
-Ооруканадан чыгарылды – 1572
-Каза тапты – 26