UFC уюмунун чемпиону орусиялык Хабиб Нурмагомедов менен америкалык мушкер Жастин Гэйтжинин ортосундагы беттеш UFC 253 турниринин алкагында 19-сентябрда өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу орусиялык мушкердин менеджери Ризван Магомедовдун билдирүүсүнө таянуу менен  жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

«Бизде бул беттешти өткөрүүнүн болжолдуу гана айы бар. Бул сентябрь айы. Беттештин кайсы жерде болору жана так күнү азырынча билине элек. Дагы бир жолу кайталайм, беттештин болжолдуу гана айы бар», — деген Магомедов.