Акыркы күндөрү вирусту жугузуп алган шарттары белгисиз учурлар көбөйдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Усенбаев билдирди.

Мындан улам эгерде оорунун кандайдыр бир симптомдорун же белгилерин байкасаңыз, сөзсүз медициналык жардам үчүн 103 жана 118 кыска номерлерине байланышууну суранабыз.

«Үй шартында, кеп-кенештер менен дарыланбагыла. Бул ден соолукка зыян. Мындай мамиле менен, вирусту токтотуу мүмкүн эмес, тескерисинче абал курчуп кетиши ыктымал”, — Саламаттык сактоо министринин орун басары Н.Усенбаев.