Акыйкатчынын Талас облусундагы өкүлүнүн берген маалыматы боюнча, Талас облусунда бүгүн, 10-июнда коронавирус менен бир адам катталды.

Ал Талас облустук үй-бүлөлүк медициналык борбордо медицина кызматкери. Өзгөчө кырдаал учурунда ал обцервацияда жана блокпосто иштеген.

7- июнда өзүн жаман сезип, дене табы көтөрүлгөн. Анализи шектүү болгондуктан, 9-июнда Бишкек шаарына ПЦР анализге жөнөтүлгөн.
Бүгүн анализи аныкталып, Талас облустук үй -бүлөлүк медборборго карантинге жабылды. Ал менен иштеген кесиптештеринен да анализдер алынып, таза чыкты. Буга чейин Талас облусунда COVID-19 буга чейин бир дагы учур каттала элек болчу.