Саясат

Россия “Канттагы” авиабазаны 2032-жылга чейин колдонот





Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча парламенттик комитет  Россия менен Кант авиабазасы боюнча келишимдин долбоорун жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Нурсеит Кедеевдин айтымында, протоколго ылайык, аскер базасынын аянты кеңейтилип, учактардын учуу жана конуу тилкесин оңдоо жана аскердик дрондорду колдонуу маселелери такталууда.

Комитеттин төрагасы Исхак Пирматов баяндамачыга  толуктоо киргизип:»Ратификацияланган протокол жөнүндө туура эмес маалыматтар социалдык тармактарда жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланууда.  Алар Кыргызстан Россия Федерациясына өз жерин берип жатат дешүүдө. Бирок бул андай эмес. Келишимдин негизинде жер Россияга өткөрүлүп берилет. 2032-жылы  келишимдин мөөнөтү бүткөндөн кийин, жер Кыргыз Республикасына кайтарылат. Бул жөнүндө демилгечилер айтпай жатасыздар,»- деди ал.

 

Депутат Каныбек Иманалиев, Мамлекеттик коргоо комитеттин ишенимдүү маалыматтарды жарыялоо үчүн ЖМК менен тыгызыраак иштешүүнү сунуш кылды.

Ал эми  депутат Чыныбай Турсунбеков өткөрүлүп берилген аймактын бир бөлүгү жеке адамга таандык экендигин айтып, маселени тез арада чечүүнү сунуштады. Комитет мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button