Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев, эс алуучуларды кабыл алуу боюнча кирген жаңы шарттар боюнча, ишкерлерге түшүндүрмө берип айрым суроолорго жооп берди.

Облус башчынын айтымында «Ак-Кеме» санитардык карантиндик постунда ар бир облус аймагына кирип жаткан адамдар катталса 1-июндан, тартып чет өлкөдөн жана COVID-19 илдети боюнча абалы оор региондордон келгендендер катталат.

«Практика көрсөткөндөй каттоо илдет чыккан адамдардын контакттарын табууга медиктерге ыңгайлуу шарттарды түздү. Мындан ары ар бир туристтерди жана эс алуучуларды кабыл алуу жайларында бир формадагы каттоо журналдары ачылат ал жакта контакттык маалыматтар жана келген убактысы жазылат»,-деп айтты.

А. Осмоналиев санитардык гигиеналык нормаларды жана коюлган шарттарды аткарбаган субъекттер жоопкерчиликке тартыларын белгилеп кетти.

«Биздин негизги максат айыптардын эсебинен бюджетти толтуруу эмес. Эс алуучулардын жана облус тургундарынын ден-соолук коопсуздугун камсыздоо болуп эсептелет»,- деп белгилеп кетти.