Эл аралык Cost of Living Survey консалтинг компаниясынын иликтөөсүнө ылайык, Бишкек туристтер үчүн эң арзан беш шаардын катарына кирди. Бешилтикте Ташкент (Өзбекстан), Карачи (Пакистан), Виндхук (Намибия) жана Тунис (Тунис) да бар.

Ошол эле маалда  Ашхабадда жашоо Токио, Цюрих, Сингапур жана Нью-Йоркко караганда кымбат. Ашхабад чет өлкөлүктөрдүн жашоосу үчүн Гонконгдон кийинки эле экинчи кымбат шаар экени аныкталды.

Дүйнөдөгү ири шаарларда иштеген адистердин арасында жүргүзүлгөн сурамжылоодо валюта курсу, негизги керектелүүчү товарлардын жана кызматтардын баасы, инфляция деңгээли жана ижара акысы сыяктуу факторлор эске алынган.

Бул сурамжылоонун жыйынтыгын мамлекеттик жана жеке уюмдар кызматкерлерин чет өлкөгө иш сапарга жөнөтөрдө айылык акыларын жана жеңилдиктерин аныктоо үчүн колдонот.