Эртең, 11-июнда, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы жыл сайын чогултулуучу битир-садаганы муктаждарга таратат. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

Шарт боюнча каражат арыздардын негизинде колунда жок, оорулуу жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга берилет.

  • Жардамга муктаж, турмуш шарты оор үй-бүлөлөргө, I, II, III топтогу жана көзү азиз майыптарга — 2500 сом, 10 килограмм ун;
  • Жашоо шарты начар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө — 2 миң сом, 10 килограмм ун;
  • Батирде турган, үй-бүлөлүк социалдык абалы начар жарандарга — 1500 сом, 10 килограмм ун.

Быйыл битир-садага алуу үчүн муфтиятка 300дөн ашуун жаран арыз менен кайрылган. Алардын баарына этабы менен бөлүштүрүлүп, биринчи этабында 70 киши жардам алат.