31-май күнү Кадамжай районунун Чечме айылынын тургундары менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын тургундарынын ортосунда чыр чатак катталып, бири-бирине таш ыргытышкан.

Натыйжада кыргыз тараптан 25 жаран ар түрдүү жаракат алышып, ооруканага кайрылышкан. Алардын ичинен 2нун абалы оор деп айтылып келген. 10-июнь күнү абалы оор деп айтылган Айтбай Акунов каза болду. Бул тууралуу Чек Ара Коомдук бирикмесинен билдиришти.

Каза болгон жаран 31-май күнү ашар жолу менен тазалынап жаткан жерге азык-түлүк алып барган.

Күтүүсүздөн өзбек тарап жаңжал чыгарган. Ошол учурда өзбекстандык тажиктер тарабынан ыргытылган таштар ага дагы тийип, кан басымы көтөрүлүп кеткен. Айтбай Акыновду Айдаркен шаардык ооруканасына жеткиришип, жандандыруу бөлүмүндө 10 күн жаткан. Маркум 49 жашта болгон. Артынан 2 уул 1 кызы калды деп билдиришти Чечме айылынын тургундары.

«Чек ара» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү шейит кеткен жараныбыздын жакындарына жана жалпы кыргызстандыктарга чын жүрөктөн көңүл айтат жана мамлекеттик бийликти дагы бир ирет милдеттерин так аткарууга чакырат.