Коомдук ишмер Илим Карыпбеков өзүнүн инстаграм  баракчасынан афроамерикалык Жорж Флойддун элесине арналган митинг тууралуу пикирин билдирди.

“Бүгүн Бишкекте Жорж Флойддун кара…ой жаркын элесине арналган митинг өтүптүр. Ошо, анан мен дагы ушинтип тилектештигимди билдирип коёюн деп чечтим. Негизи “жакшы киши болчу” деп элдин баары айтып жатышат. Ушу жакында АКШда бөөдө кырсыктан каза болуп калбаганда, Кыргызстанды бир топ эле оңдоп салмак деп айтып жатышат калың журт.

Мени баарынан эле жанагы Флойддун алтын гробу эле уктатпайт акыркы күндөрү. Ошонун капкагын эле алсам, жанагы Миннеаполис шаарынын мэринен ашып өңгүрөп бермекмин, алтын капкакты кармап алып, анан Флойд достун кара…ой жаркын ишин Кыргызстанда деле улантат элем жакшы эле ыйолкиники десе”, — деген  пикири менен бөлүштү.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкекте афроамерикалык Жордж Флойдду колдоо митинги болуп, ага бир киши келди. Активист Денис Горький атындагы эс алуу багына акцияга чыгып, өзүнүн жарандык позициясын билдирди.

“Мен бул жерге жеке адам катары келип, өз позициямды айттым. Бирок көрүп турганыңардай менден башка эч ким митингге келген жок. Мамлекет тарабынан зомбулук эч бир өлкөдө-Америкада дагы, Кыргызстанда дагы болбошу керек деп эспетейм”,- деди ал.

Болбой калган митингди  үч милиция кызматкери көзөмөлдөп турган.

Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, уюштуруучулар коопсуздук жана провокацияга алдырып жибербөө үчүн митингди болтурбоону чечишкен.