Лейлек району боюнча саламаттыкты сактоо координаторунун орун басары болуп 29 жаштагы Жуманов Баатырбек Инамидинович дайындалды.
Аталган буйрукка Лейлек району боюнча саламаттыкты сактоо координатору, Лейлек үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Эргашев Учкун кол койгон.
Жуманов Баатырбек Инамидинович 1991-жылдын 21-ноябрында Лейлек районуна караштуу Голбо айылында туулган. Билими: Жогорку. ОшМУнун медицина факультетинин дарылоо иши адистиги боюнча бүтүргөн. Эмгек жолун Лейлек аймактык ооруканасында дарыгер болуп иштөөдөн баштаган.
