—Надира Азимовна, сырттан каржыланган бейөкмөт уюмдар кара терилүү Джоржда Флойданы эскерип митингге чыкпай, 2010-жылкы Ош коогалаңында каза болгон маркумдарды эскериши керек деп айттыңыз. Эмне үчүн  аларды коронавирустан да жаман дедиңиз?

—Сырттан каржыланган бейөкмөт уюмдар кыргызга каны кошулбаган Американын жараны Джоржда Флойдданы эскерип митинг өткөрүүгө камынбай эле 2010-жылы болгон Түштүк коогалаңындагы каргашалуу окуянын 10 жылдыгына карата, мамлекеттин бүтүндүгү үчүн канын төгүп, жанын берген баатырларды эскерип, митинг өткөрсө туура болмок. Булар  8-мартта аялдардын укугун коргойбуз деген сөзгө жамынып, ЛГБТлардын укугун коргоп чыккандай элдин оюн каргашалуу июнь окуясындагы окуяларга эмес, башка жака буруу максатын көздөп жатышат. Эгер батыштан каржыланган бейөкмөт уюмдар кыргыз элине чындап күйсө,  Ош коогалаңынын 10 жылдыгына туштап, кыргыздарга тиешеси жок кара терилүү Джоржда Флойдданы эскерип митингге чыгышмак эмес. Айтайын дегеним, өзгөчө абал алына электе, коронавирустун толкуну бүтө электе элди чогултуп, митингге чыгуунун жөнү барбы? 

Чындыгында бейөкмөт уюмдардын жасаган кээ бир аракеттери мамлекеттин, улуттун  жана улуттук баалуулуктардын коопсуздугуна шек келтирип, коркунуч жаратууда. 

Бейөкмөт уюмдарды коронавирустан да жаман деп айтканымдын да жөнү бар. Коронавирусту дарыласа, айыктырса болот. Бул бейөкмөт уюмдардын акылга сыйбаган аракеттери 6 миллион элдин аң-сезимине, өзгөчө жаштардын оюн бузуп, коомго коркунуч жаратууда. Бейөкмөт уюмдардын мындай кадамдарын дүйнөдөгү окуяларга байланыштырган күндө да биздин улуттук менталитетибизге туура келбесин түшүнүшсө болот эле. Менин кейигеним тыштан каржыланган бейөкмөт уюмдар Ош, Жалал-Абаддагы кандуу окуяларды уюштуруп, улуттук касташууга түрткү болгондорго жан тартып, өзбек тарапка ыктап, алардын таламын талашып, бир жактуу материалдарды таратып, акча үчүн дүйнөлүк деңгээлде кыргыздарды жек көргөзгөн долбоорлорду ишке ашырышты. Бирок, булар канчалык кыргыз улутуна каршы иш жасабасын булардын ар бир аракети элдин эсинде. Ал сөзсүз тарыхта калат жана элге чыккынчылыкка барабар жасалган иштери  элдин жүрөгүндө сакталат.

—Кыргыз бийлиги маани бергиси келбегени менен эл аралык уюмдар аркылуу Азимжан Аскаровду актоо, эркиндикке чыгаруу маселеси мезгил-мезгили менен көтөрүлүп келет. Ал кишинин чындап эле күнөөсү жокпу?

—Азимжан Аскаров батыштан каржыланган бейөкмөт уюмдар актагандай эмес, опол тоодой катачылыктарга жол берген. Ал Жалал-Абаддагы, Сампадагы мыкаачылык менен адамдарды өлтүргөн кандуу окуяларда өзбек улутундагы алдыңкы уюштуруучулардын бири болгон. Тагыраагы, өзүн укук коргоочумун деп эсептегени менен улут аралык жаңжалды көкүтүүчүлөрдөн болгон. Биздин укук коргоочумун деген бейөкмөт уюмдарыбыз  Азимжан Аскаровдун укугун коргошуп, БУУга жана ПРООНго чейин маселе көтөрүшүп, аны эркиндикке чыгарууга кызыкдар болуп жүрүшөт. Чынында Азимжан Аскаров алар ойлогондой эмес. Ал сырттан берилген тапшырманы аткарган. Күнөөсү далилденген үчүн камакка алынып, бошотууга мүмкүн эмес экени сотто бир канча  жолу айтылган. Эми укук коргоочубуз дегендер элдин канын төгүп, мыкаачылык менен адам өлтүрүп, акылга сыйбаган кадамдарга баргандарды актап, жактабай эле койсун. Булардын БУУнун бир жыйынына бейкүнөө элдин канын төктүрүүгө салым кошкон, сепаратисттердин сап башында турган  Кадыржан Батыровду жетелеп барып, кубаттап отурганы азыр да көз алдыбызда. Өкүнүчтүүсү, биринчи өзбек туугандар өздөрү  кыргыздарга тийишип, мыкаачылыкка жол бергенине карабай, кыргыздарды күнөөлүү кылып коюшту. Бейөкмөт уюмдар улуттук азчылыктарга өзгөчө көңүл бурумуш болуп, элдин кыжырын кайнатканды токтотуш керек.
Кыскасы, түштүктүн элин курмандыкка чапкандар канча актанса да, тарыхта аттары жазылып калат. Ошондой эле түштүк коогалаңына  күнөөлүүлөр жооп берип, укуктук баа берилмейинче өлгөн балдардын тууган-уруктарынын жана түштүк элинин көксөөсү суубайт. Анткени, ушул күнгө чейин өлүгү же тирүүсү билинбеген ондон ашык балдардын тизмеси бар.

—Роза Отунбаева июнь окуясын атайын уюштурулган деп ойлоорун айтты го?

—Азаттыктан  Роза Отунбаеванын сүйлөгөн сөзүн көрүп, жакамды кармадым. Жалгандын да чеги болуш керек. Жомокту да чындыкка жакындатып токубайбы? «Улуттук азчылыктардын укугун  коргоп, концепция кабыл алдык. Азыр дагы жаңы концепция кабыл алышыбыз керек, өкмөттө жатат» — дейт. Улуттук азчылыктарга концепциянын эмне кереги бар. Керек болсо кыргыздар улуттук концепциясы жок эле жашап жатат го. Саткынчылыктын да чеги болуш керек. Кыргыздын улуттук саясатына бут тосуп, сырттан каражат алыш үчүн, улуттук азчылыктардын концепциясын бурмалап шашылыш кабыл алып, кыргыздын улуттук идеологиясына каршы иш кылган Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүн тарых кечирбейт. Улуттук азчылыктагы элдер, кыргыз мамлекетинин жараны. Конституцияда кыргыздар менен тең укуктуу. Укугун талашпай кайсы улуттан экенине карабай милдеттерин да билиш керек. Аларды өзгөчөлөп бөлүп концепция кабыл алуунун кереги жок. Батыштан каржыланган Роза Исаковна улуттук азчылыктардын концепциясын кабыл алдырып, кыргыз улутун басмырлап, концепция жазып, сырттан дагы каражат алайын деп жатабы? Отунбаеванын Концепциясы жок эле азчылыктагы улуттар Кудайга шүгүр, ынтымакта эле жашап келишкен. Мындан ары да жашашат. Отунбаева концепция жазып, кыйналбай деле койсо болот. Жок дегенде бийликте жок маалында азчылык, көпчүлүк деп бирине артыкчылык бердирем дебей  жөн жүрсө туура  болмок. Анткени, эл ал каалагандай калчай турган оюнчук эмес.

—Түштүк окуясын уюштургандар, элдин канын суудай агызгандар аз болсо да  жазаландыбы?

—Түштүк окуясына бүгүн туптуура 10 жыл толду. Тилекке каршы, мамлекеттик деңгээлде иш-чаралар өткөрүлгөн жок. Мамлекеттин бүтүндүгү үчүн күрөшүп, курман болгон чыныгы 437 баатыр жана ар кандай жараттан улам майып болуп калган 2000ден ашык майып эске алынган жок. Бул каргашалуу окуянын келип чыгышын иликтөө боюнча коомдук, мамлекеттик, көз карандысыз комиссиялар жыйынтыгын чыгарганы менен укуктук баа берилип, эч ким конкреттүү жазаланган жок.  

Өзгөчө Жогорку Кеңеш  тарабынан түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйынтыгы парламенттин күн тартибинде каралып, 37 пункттан турган чечим кабыл алынып, конкреттүү сунуштар жазылганына карабай  80%дан ашыгы ишке ашкан жок. Ошон үчүн Түштүк коогалаңына тиешеси барлар эч нерсеге жооп бербей келе жатышат. Убактылуу Өкмөттүн ошол мезгилдеги жооптуу мүчөлөрү түрдүү жомокторду токуп, өздөрүн таза көрсөтүүгө аракет жасап жатканына баарыбыз күбөбүз. Булар канча актанса да, тарых кечирбейт. Ушуну эстерине түйүп коюшу керек.

Булак: NazarNews.kg