Вице-президент Майк Пенстин айтуусу боюнча болуп жаткан нааразылык акцияларынан кийин АКШда коронавирус жуктуруп алуулардын саны көбөйгөн эмес. Бул тууралуу ал Fox Business телеканалында берген маегинде билдирген.

Пенстин оюу боюнча бул америкалыктардын сергек жашоо мүнөзү менен байланыштуу. Башкача айтканда, нааразылык акциясына чыккан адамдардын дээрлик бардыгы бет капчан болуу менен айрым бир социалдык дистанцияларды сакташкан.

Мындан сырткары, күндүн нуру, нымдуулук жана ысык аптап коронавирустун жайылышына бөгөт коёт деди АКШ вице-президенти. Белгилей кетсек, Жорж Флойддун өлүмүнөн кийин башталган демонстрациялар али да болсо улантылууда. Расизмге каршы мындай акциялар АКШдан сырткары, Улуу Британия, Франция, Германия, Канада, Япония жана башка мамлекеттерди кучагына камтыган.