Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 10-июнь күнү саат 16:49да Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын чектешкен аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Эркештам айылында 2,5 балл, Нура айылында 2 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.