Жалал-Абад шаарында бир аял жаш кызын мыкаачылык менен сабады. Бул тууралуу облустун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

9-июнда аял мурунку күйөөсү менен телефон аркылуу сүйлөшүп урушуп кеткендиги аныкталды. Ушул кезде бир жашар кызын сабап, видеого тартып муунтуп ватсап аркылуу күйөөсүнө жиберген.


«Аял балага атасы акча жөнөтпөйт деди. Ал өз иш-аракеттерин видеого тартып жатканда, кызын муунтуп өлтүрө баштаган. Аял жасаган аракеттерин сүрөттөрүн күйөөсүнө WhatsAp аркылуу жөнөткөн.Бул иш, сотко чейинки териштирүү «Кыйноолор» беренеси боюнча жүргүзүлөт,”- деп билдирди милиция бөлүмүнөн.