Бүгүн, 11-июнда Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Марат Жанталиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат. Коштошуу зыйнаты Бишкектеги Учкун конушунда орун алууда.

Маркумду узатууга анын жакындары, маданият өкүлдөрү жана жакын санаалаштары келишти. Анда Темирлан Сманбеков сөз сүйлөп, аза күтүү митингин ачык деп жарыялады.

Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев:

«Адамдын көзү тирүүсүндө маани бербей, көзү өткөндө баалап, жоктой турган инсандардын бири Марат Жанталиев. Анын комедиялык, драмалык тасмаларды жараткан образдары опол тоодой эмгек жасаганынан кабар берет,»-деди.

Султан Раев Марат Жанталиев аркылуу дүйнөгө манасчы Саякбай Каралаевди тааныта алдык дейт.

«Улуу адамдын образын жөнөкөй адам аткара албайт экен. Андай улуулукту улуу адам жаратат. Марат Жанталиевде биз билбеген өзгөчө дух болгон экен. Биз анын «Саякбай» тасмасындагы ролу менен дүйнөгө манасчыны тааныта алдык», — деди.