Бүгүн, 11-июнда Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы жыл сайын чогултулуучу садака-битирден жыйналган акча каражаттарды арыздардын негизинде колунда жок жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга таратып берди. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

Таратуу иш-чарасына Азирети Муфтийдин орун басары Замир каары Ракиев жана КМДБнын Аппаратынын иш башкармалык жана чарба бөлөмүнүн башчысы Алимбай ажы Эргешов жана КМДБнын эсепчиси Султан ажы Момунов катышты.

Азирети Муфтийдин орун басары өз сөзүндө учурдагы кырдаалдан улам өткөн жылга салыштырмалуу садака-битир аз топтолгонун белгилеп, Муфтият жарандардын социалдык абалын эске алуу менен садака-битир алуу үчүн келгендерди түзүлгөн тизменин негизинде кезек-кезеги менен 3 топко бөлүп, ал атайын түзүлгөн коммиссиянын негизинде таратыла турганын баса белгиледи.

“Урматтуу бир туугандар садака-битир бергендерге дуба кылып, алардын берген кайрымдуулуктарын Алла Таалам кабыл кылсын. Пандемияга байланыштуу быйыл аз чогулду. Ошентсе дагы биз бир сомун калтырбастан муктаждарга таратып беребиз”,-деди Замир каары Ракиев.

  1. Жардамга муктаж, турмуш шарты оор үй-бүлөлөргө, I, II, III топтогу жана көзү азиз майыптарга (2500 сом, 10 кг ун)
  2. Жашоо шарты начар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө (2000 сом, 10 кг ун)
  3. Батирде турган, үй-бүлөлөлүк социалдык абалы начар жарандарга (1500 сом, 10 кг ун) сом өлчөмүндө таратылып берилди.   

Бүгүнкү күнгө карата бул жылы КМДБга садака-битир алуу үчүн 300дөн ашуун жаран арыз менен кайрылган. Алардын баарына этабы менен бөлүштүрүлүп, биринчи этабында 70 жаранга тапшырылып берилди.

Жалпы жолунан өлкө боюнча 2020-жылы фитир-садакадан 9,595 528 сом жыйналган. Бул каражаттын 40 пайызы 4, 035 763 сом Муфтияттын эсептик счетуна келип түшкөн. Ал эми 50 пайызы 4, 790 804 жергиликтүү мечиттерде, 10 пайызы 944020 сому облустук казыяттарда калган.