![](https://kadam-media.kg/wp-content/uploads/2020/06/566c8949-f591-4d49-8929-e1fe7f0aff7f.jpg)
Коом
Талас облусунда короновирус илдети менен 3 учур катталды
Талас облусунда катталган алгачкы учур облустук үй-бүлөлүк медициналык борбордо иштеген медкызматкерден табылды. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев билдирди.
Анын айтымында, медкызматкер мобилдик топто 15-31-майга чейин иштеген.
«Учурда Талас облусунда короновирус илдети менен 3 учур катталды, алар жогоруда айткан медицина кызматкери, анын жолдошу жана жолдошунун досу. Учурда КР ССМдин алгоритмине ылайык, 1-2-жактарда байланышта болгон 212 адамдан ПЧР-анализи алынып, бардыгынын жыйынтыктары таза чыкты”, — деп билдирди Мураталиев.