Мурунку Ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин уулун сабаган деп шектелген мурдагы бажы кызматкери Эмилбек Кимсанов башка тергөө изоляторуна өткөрүлүп берилет. Бул тууралуу адвокат Назгүл Сүйүнбаева билдирди.

Анын айтымында, Кимсанов СИЗО-1 де уюлдук байланышты колдонгондугу үчүн ушундай чечим кабыл алынган.

«Арызда менин кардарым УККнын №1 тергөө абагынын режимин бузуп, уюлдук байланышты колдонду дешти. Ушунун негизинде Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы Кимсановду 50-тергөө абагына которууну чечти. Менин билишимче, №1 тергөө изоляторунун жарымы уюлдук байланышты колдонушат, ошондуктан кызматкерлер  режимди бузгандардын бардыгын аныктап, буга жол бергендерди жазалашы керек «, — деди Назгүл Сүйүнбаева.

Ошондой эле Сүйүнбаева «Кимсановдун тааныштары, достору, Ош шаарынын жаштары флешмоб уюштуруп, президентке видеокайрылуу жасашты. Райымбек Матраимовду да айтып кетишти, ага да кайрылуу жасашты. Видеокайрылуу кечээ чыкты, кечээ эле түндө милиция кызматкерлери балдарды алып чыга башташты. Эки баланы шаардык милицияга алып кетишти»,-деп кошумчалады.

Адвокаттын айтымында, милиция Кимсановдун эки тарапкеринин кармалышын алардын видеокайрылууну коронавируска байланышкан карантин учурунда тартканы менен негиздөөдө. Видеокайрылуу буга чейин социалдык тармактар аркылуу таратылган