Ысык-Көл облусуна эс алууга келгендердин саны көбөйүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Элмира Усенова онлайн брифингде айтты.

«Бүгүнкү күндө «Ак-Кеме» өткөрмө жайынан өткөн жарандарыбыз абдан көп. Учурда облуска элдин агылуусу сезилүүдө. Мен өзүм эле кечээ Ысык-Көл районундагы пансионаттарда текшерүү ишин жүргүзүп жүрүп байкадым. Мындан тышкары кооптуу делинген региондордон келгендерди катуу көзөмөлгө алуу менен эс алуучу жайларга өткөрүп жатабыз», — деди Усенова.

Ошондой эле Усенова санитардык нормаларды сактабаган эс алуучу жайлар, пансионаттар аныкталса алар жабыларын кошумчалады.