Бүгүн, тагыраак айтканда бейшембиде коронавирустан улам үзгүлтүккө учурап калган футбол боюнча Испания чемпионаты башталып, анын биринчи матчы Севилье шаарында болуп өтөт жана анда «Севилье» жана «Бетис» командалары беттешет.

Эки команданын ортосунда болуп өтүүчү бул беттешке күйөрмандар катыша албайт. Ал эми трибунаны компъютердик графиканын жардамы менен толтуруу тууралуу чечим кабыл алынган.

Карантинге чейин 38 матчтын ичинен командалар 27 оюнду ойноого жетишишкен жана анда турнирдик таблица боюнча 58 упай менен алдыда «Барселона» келе жаткан.