Өмүрбек Бабанов эжесине куран окуткан «Кайнар» ресторанына айып пул салынды. Бул тууралуу бүгүн, 11-июнда Бишкек шаарынын мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетова социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Белгилүү болгондой, Бабановдун эжеси Эркеайым Бабанова апрель айынын башында каза болгон.

Буга чейин республикалык штабдын жыйынында Кубатбек Боронов массалык үй-бүлөлүк же салттуу иш-чаралар учурунда COVID-19 инфекциясын жуктургандар көбөйгөнүн айткан.

«Ар кыл үй-бүлөлүк, салттуу иш-чараларга катышкан соң жарандар өздөрү келип кайрылган учурлар көбөйдү. Өткөрүүгө тыюу салууларга, сунуштарга карабастан, жарандар кош көңүл мамиле жасап жана көп санда чогулууну улантышууда. Жыйынтыгында тойлордун, тажыялардын жүрүшүндө илдетке кабылышууда», — деген Боронов.