Казакстан тарап Эркин Асрандиевди вице-премьер-министр катары келишимдин кээ бир пункттарын аткарган жок деп айтып жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрага орун басары Мирлан Бакиров бүгүн, 11-июнда парламент жыйынында билдирди.

Ал белгилегендей, Кыргызстанда мөмө-жемиштер бышып баштады, коңшу өлкөлөр менен жашыл коридор түзүп, тез бузулуучу продукцияларды тоскоолдуксуз өткөрүү боюнча тапшырмалар берилген.

“Өкмөт, анализдеп көрсөңүздөр, казак тарап бизге эмне дооматтарын коюп жатат? Казакстандын киреше комитетинин аныктоосу боюнча, жүк ташуучулар 13 миңден ашык жасалма документтер менен чыгып жатыптыр. Ошондой эле белгисиз адамдарга катталган товарлар болуп жатат. Муну менен көмүскө экономиканын пайда болушуна шарт түзүлүп жатат, деген доомат айтып жатышат. ЕАЭБдин бюджетине да таасирин тийгизип жатканын айтышууда”, – деди Бакиров.

Анын айтымында, мындан улам коңшу мамлекет Эркин Асрандиевди вице-премьер-министр катары келишимдин кээ бир пункттарын аткарган жок деп айыптады.

“Мындай ой-пикирди депутаттар, коомчулук гана айтышы мүмкүн. Ал өкмөт башчынын орун басары катары коомчулукка кайсы келишимдин кайсы пункттары аткарылбай жатканын так түшүндүрүп айтышы керек. Мүмкүн чек арадагы посттун биринен чыгып, экинчисинен кире турган кылсак кантет? 

Мындай маселелерди болтурбоо, кыйынчылыктардын орун алышына жол бербөө үчүн башка дагы жолдорун да кароо зарыл. негизи эле чек ара дайыма көзөмөлдө болуусу зарыл”, — деди эл өкүлү Бакиров